Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tur Ayahs #29 Translated in Kyrgyz

وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَاءَلُونَ
Жана (Бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты
قَالُوا إِنَّا كُنَّا قَبْلُ فِي أَهْلِنَا مُشْفِقِينَ
(Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллаһ Тааладан) коркуучулар элек
فَمَنَّ اللَّهُ عَلَيْنَا وَوَقَانَا عَذَابَ السَّمُومِ
Анан бизге Аллаһ (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды
إِنَّا كُنَّا مِنْ قَبْلُ نَدْعُوهُ ۖ إِنَّهُ هُوَ الْبَرُّ الرَّحِيمُ
Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу
فَذَكِّرْ فَمَا أَنْتَ بِنِعْمَتِ رَبِّكَ بِكَاهِنٍ وَلَا مَجْنُونٍ
(О, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң

Choose other languages: