Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #70 Translated in Kyrgyz

لَا تَعْتَذِرُوا قَدْ كَفَرْتُمْ بَعْدَ إِيمَانِكُمْ ۚ إِنْ نَعْفُ عَنْ طَائِفَةٍ مِنْكُمْ نُعَذِّبْ طَائِفَةً بِأَنَّهُمْ كَانُوا مُجْرِمِينَ
Кечирим сурабай эле койгула, силер ыйман келтиргениңерден кийин (кайрадан) каапыр болуп бүттүңөр!! Эгер силерден бир тайпаны кечирсек, (дагы) башка бир тайпаны күнөөкөр болгону себептүү азаптайбыз
الْمُنَافِقُونَ وَالْمُنَافِقَاتُ بَعْضُهُمْ مِنْ بَعْضٍ ۚ يَأْمُرُونَ بِالْمُنْكَرِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمَعْرُوفِ وَيَقْبِضُونَ أَيْدِيَهُمْ ۚ نَسُوا اللَّهَ فَنَسِيَهُمْ ۗ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ هُمُ الْفَاسِقُونَ
Мунафык эркектер менен мунафык аялдар бардыгы — бир: жаман иштерге буюрушат жакшы иштерден кайтарышат жана (сараңдык кылып) колдорун жумуп алышат. Алар Аллаһты унутушту эле, Аллаһ дагы аларды “унутту”? Чынында, мунафыктар — бузукулар
وَعَدَ اللَّهُ الْمُنَافِقِينَ وَالْمُنَافِقَاتِ وَالْكُفَّارَ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ هِيَ حَسْبُهُمْ ۚ وَلَعَنَهُمُ اللَّهُ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ مُقِيمٌ
Аллаһ мунафык эркектерге, мунафык аялдарга жана каапырларга, түбөлүк кала турган Тозок отун убада кылды! Ушул аларга жетиштүү! Жана Аллаһ аларга наалат айтты! Аларга түгөнгүс азап
كَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ كَانُوا أَشَدَّ مِنْكُمْ قُوَّةً وَأَكْثَرَ أَمْوَالًا وَأَوْلَادًا فَاسْتَمْتَعُوا بِخَلَاقِهِمْ فَاسْتَمْتَعْتُمْ بِخَلَاقِكُمْ كَمَا اسْتَمْتَعَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ بِخَلَاقِهِمْ وَخُضْتُمْ كَالَّذِي خَاضُوا ۚ أُولَٰئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
(Эй, Мунафыктар! Силер жасаган ишиңерде) өзүңөрдөн мурунку (каапыр) адамдарга окшойсуңар: Алар силерден да күчтүүрөөк, дүйнөлөрү, бала-чакалары (жардамчылары) көбүрөөк эле. Алар (бул дүйнөдөгү) өз үлүш-насиптеринен пайдаланышты. Мурункулар пайдаланганы сыяктуу силер да өз насибиңерден пайдаландыңар. Жана ошолор (күнөө деңизине) чумкуганы сыяктуу, силер дагы чумкудуңар. Алар — дүйнө-акыретте иштери күйүп кеткен адамдар! Алар — зыян тарткан адамдар
أَلَمْ يَأْتِهِمْ نَبَأُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ قَوْمِ نُوحٍ وَعَادٍ وَثَمُودَ وَقَوْمِ إِبْرَاهِيمَ وَأَصْحَابِ مَدْيَنَ وَالْمُؤْتَفِكَاتِ ۚ أَتَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ ۖ فَمَا كَانَ اللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَٰكِنْ كَانُوا أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ
Аларга өздөрүнөн мурунку Нух коомунун, Аад, Самуд элдеринин, Ибрахим коомунун, мадяндыктардын, айкаш-уйкаш кыйрагандардын (Лут элинин) кабарлары келбеди беле?! Аларга Пайгамбарлары анык далил-баяндарды алып келишкен болчу. (Бирок, кабыл алуунун ордуна силер сыяктуу каяша айтып, мыскылдап күлүшкөн. Кийин Аллаһ аларга азап жиберди. Демек,) Аларга Аллаһ зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты

Choose other languages: