Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #27 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا آبَاءَكُمْ وَإِخْوَانَكُمْ أَوْلِيَاءَ إِنِ اسْتَحَبُّوا الْكُفْرَ عَلَى الْإِيمَانِ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
О,ыйман келтиргендер! Эгер силердин атаңар, ага-иниңер ыймандан каапырчылыкты (көбүрөөк) сүйчү болсо, аларды (ким болушуна карабай) дос тутпагыла! Силердин араңардан кимде-ким аларды дос тутса, алар — анык заалымдар
قُلْ إِنْ كَانَ آبَاؤُكُمْ وَأَبْنَاؤُكُمْ وَإِخْوَانُكُمْ وَأَزْوَاجُكُمْ وَعَشِيرَتُكُمْ وَأَمْوَالٌ اقْتَرَفْتُمُوهَا وَتِجَارَةٌ تَخْشَوْنَ كَسَادَهَا وَمَسَاكِنُ تَرْضَوْنَهَا أَحَبَّ إِلَيْكُمْ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَجِهَادٍ فِي سَبِيلِهِ فَتَرَبَّصُوا حَتَّىٰ يَأْتِيَ اللَّهُ بِأَمْرِهِ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
Айт (о, Мухаммад): “Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-дүйнөңөр, жүрүшпөй калышынан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллаһтан, Анын пайгамбарынан жана Аллаһтын жолунда жихад кылуудан да сүйүктүүрөөк болсо, анда... Аллаһ (силерге) Өз ишин (азабын) алып келишин күтө бергиле! Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт
لَقَدْ نَصَرَكُمُ اللَّهُ فِي مَوَاطِنَ كَثِيرَةٍ ۙ وَيَوْمَ حُنَيْنٍ ۙ إِذْ أَعْجَبَتْكُمْ كَثْرَتُكُمْ فَلَمْ تُغْنِ عَنْكُمْ شَيْئًا وَضَاقَتْ عَلَيْكُمُ الْأَرْضُ بِمَا رَحُبَتْ ثُمَّ وَلَّيْتُمْ مُدْبِرِينَ
Аллаһ силерге көп орундарда жана Хунейн (деген жердеги согуш) күнүндө да жардам берди: бир кезде силерди саныңардын көптүгү кубантып жиберди эле, кийин бул силерге эч кандай пайда бербей калды жана силер үчүн жер кең болсо да тар көрүнүп, артыңарга качып калдыңар
ثُمَّ أَنْزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَىٰ رَسُولِهِ وَعَلَى الْمُؤْمِنِينَ وَأَنْزَلَ جُنُودًا لَمْ تَرَوْهَا وَعَذَّبَ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ وَذَٰلِكَ جَزَاءُ الْكَافِرِينَ
Кийин Аллаһ Өз пайгамбары менен ыймандууларга тынчтык-бейпилдигин жана силер көрө албаган аскерлерин (периштелерин) түшүрүп, каапырларды (жеңилүү менен) азаптады. Каапырлардын жазасы — ушул
ثُمَّ يَتُوبُ اللَّهُ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Андан соң, ушундан (каталардан) кийин деле, Аллаһ Өзү каалаган адамдардын тообаларын кабыл алды (кечирди). Аллаһ — Кечирүүчү, Боорукер

Choose other languages: