Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #4 Translated in Kyrgyz

9:1
بَرَاءَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ إِلَى الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
(Бул—) Аллаһ жана (Анын) пайгамбары тарабынан силер убада-келишим түзгөн мушриктер үчүн (келишим милдетинен) кутулуу (жарыясы)
9:2
فَسِيحُوا فِي الْأَرْضِ أَرْبَعَةَ أَشْهُرٍ وَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ غَيْرُ مُعْجِزِي اللَّهِ ۙ وَأَنَّ اللَّهَ مُخْزِي الْكَافِرِينَ
(О,мушриктер!) Төрт ай (мөөнөттүн) ичинде жер бетинде (тынч-аман) жүрө бергиле. Жана билип алгыла, (силерге тынчтык мөөнөтү берилсе да) силер эч качан Аллаһты алсыз калтыра албайсыңар. Аллаһ (ширк иштерин уланткан) каапырларды шерменде кылуучу
9:3
وَأَذَانٌ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ إِلَى النَّاسِ يَوْمَ الْحَجِّ الْأَكْبَرِ أَنَّ اللَّهَ بَرِيءٌ مِنَ الْمُشْرِكِينَ ۙ وَرَسُولُهُ ۚ فَإِنْ تُبْتُمْ فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ ۖ وَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَاعْلَمُوا أَنَّكُمْ غَيْرُ مُعْجِزِي اللَّهِ ۗ وَبَشِّرِ الَّذِينَ كَفَرُوا بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
(Бул) Аллаһ жана (Анын) пайгамбары тарабынан, чоң ажы күнү (Курман майрамы) болгондо адамдарга, Аллаһ жана Анын пайгамбары мушриктерден таза (б.а. алардын алдында убада-милдеттенмеси жок) экенин жарыялап коюу!? (О, мушриктер!) Эгер тооба кылсаңар, өзүңөргө жакшы (мал-жаныңарды сактап каласыңар) Эгер жүз бурсаңар, билип койгула, силер Аллаһты алсыз калтыруучу эмессиңер. Жана (О, Мухаммад,) каапырларга жан ооруткан азаптын кабарын берип кой
9:4
إِلَّا الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ مِنَ الْمُشْرِكِينَ ثُمَّ لَمْ يَنْقُصُوكُمْ شَيْئًا وَلَمْ يُظَاهِرُوا عَلَيْكُمْ أَحَدًا فَأَتِمُّوا إِلَيْهِمْ عَهْدَهُمْ إِلَىٰ مُدَّتِهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ
Ал эми, силер келишим түзгөн мушриктер (милдеттенмелерден) эч нерсени бузбаса жана силер-дин эч бир душманыңарга жардам бербесе, анда алардын келишимдерин өз мөөнөтүнө чейин толук сактагыла. Албетте, Аллаһ такыба кишилерди сүйөт

Choose other languages: