Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tahrim Ayahs #4 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ لِمَ تُحَرِّمُ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكَ ۖ تَبْتَغِي مَرْضَاتَ أَزْوَاجِكَ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
О, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын көңүлү үчүн Аллаһ сага адал кылган нерселерди (өзүңө) арам кылып жатасыӊ?! Аллаһ Кечиримдүү, Боорукер
قَدْ فَرَضَ اللَّهُ لَكُمْ تَحِلَّةَ أَيْمَانِكُمْ ۚ وَاللَّهُ مَوْلَاكُمْ ۖ وَهُوَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ
Аллаһ силерге антыңардан кайтуунун жолун үйрөткөн?. Силердин кожоюнуңар — Аллаһ. Ал — Билүүчү, Даанышман
وَإِذْ أَسَرَّ النَّبِيُّ إِلَىٰ بَعْضِ أَزْوَاجِهِ حَدِيثًا فَلَمَّا نَبَّأَتْ بِهِ وَأَظْهَرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ عَرَّفَ بَعْضَهُ وَأَعْرَضَ عَنْ بَعْضٍ ۖ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِ قَالَتْ مَنْ أَنْبَأَكَ هَٰذَا ۖ قَالَ نَبَّأَنِيَ الْعَلِيمُ الْخَبِيرُ
Бир кезде пайгамбар аялдарынан кээ бирине сырын ачты (жана «эч кимге айтпа» деди) Ал эми (аялы) аны ашкерелеп жибергенде муну Аллаһ (пайгамбарына) билдирди. (Пайгамбар Аллаһ билдирген нерселерден) кээ бирин (сыр ачкан аялына) айтты, кээ бирин айтпады. Ага айтканда ал: «муну сизге ким билдирди?!» деди. Айткын: «Билүүчү, Кабардар (Аллаһ) билдирди!»
إِنْ تَتُوبَا إِلَى اللَّهِ فَقَدْ صَغَتْ قُلُوبُكُمَا ۖ وَإِنْ تَظَاهَرَا عَلَيْهِ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ مَوْلَاهُ وَجِبْرِيلُ وَصَالِحُ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ بَعْدَ ذَٰلِكَ ظَهِيرٌ
(О, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллаһка тооба кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Кожосу — Аллаһ! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер

Choose other languages: