Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Taghabun Ayahs #11 Translated in Kyrgyz

زَعَمَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنْ لَنْ يُبْعَثُوا ۚ قُلْ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتُبْعَثُنَّ ثُمَّ لَتُنَبَّؤُنَّ بِمَا عَمِلْتُمْ ۚ وَذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллаһтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллаһ үчүн жеңил
فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالنُّورِ الَّذِي أَنْزَلْنَا ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Эми, (эсиңерге келип) Аллаһка, Анын пайгамбарына жана биз түшүргөн Нурга (Кураанга) ыйман келтиргиле! Аллаһ бардык ишиңерден Кабардар
يَوْمَ يَجْمَعُكُمْ لِيَوْمِ الْجَمْعِ ۖ ذَٰلِكَ يَوْمُ التَّغَابُنِ ۗ وَمَنْ يُؤْمِنْ بِاللَّهِ وَيَعْمَلْ صَالِحًا يُكَفِّرْ عَنْهُ سَيِّئَاتِهِ وَيُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ ذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
(Аллаһ) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал — Тагаабун Күнү?! Ким Аллаһка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллаһ) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул — Улуу жетишендик
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ خَالِدِينَ فِيهَا ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалган дегендер тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Кандай жаман акыбет
مَا أَصَابَ مِنْ مُصِيبَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ وَمَنْ يُؤْمِنْ بِاللَّهِ يَهْدِ قَلْبَهُ ۚ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
(Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллаһтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллаһка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн Туура Жолго багыттап койот. Аллаһ бардыгын Билүүчү

Choose other languages: