Quran Apps in many lanuages:

Surah As-Sajda Ayahs #6 Translated in Kyrgyz

تَنْزِيلُ الْكِتَابِ لَا رَيْبَ فِيهِ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ
(Бул) Китептин түшүрүлүүсү ааламдардын Раббиси тарабынан. Анда (эч бир) шек-күмөн жок
أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ ۚ بَلْ هُوَ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ لِتُنْذِرَ قَوْمًا مَا أَتَاهُمْ مِنْ نَذِيرٍ مِنْ قَبْلِكَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ
Же болбосо алар (Макка мушриктери) «аны (Мухаммад) ойунан чыгарып (жазып) алды» дешеби? Жок (андай эмес). Ал Раббиң тарабынан (мушрик) коомду эскертишиң үчүн (берилген) Акыйкат. Аларга сенден мурун эскертүүчү (пайгамбар) келген эмес.” Кана эми, Туура Жолго түшүп калышса
اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ ۖ مَا لَكُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا شَفِيعٍ ۚ أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ
Аллаһ асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык жандуу-жансыз) нерселерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду?. Силер үчүн Аллаһтан башка дос-башчы да шапаат кылуучу да жок. Эсиңерге келбейсинерби
يُدَبِّرُ الْأَمْرَ مِنَ السَّمَاءِ إِلَى الْأَرْضِ ثُمَّ يَعْرُجُ إِلَيْهِ فِي يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ أَلْفَ سَنَةٍ مِمَّا تَعُدُّونَ
Асмандан жерге чейин (бардык) ишти (Аллаһ Өз өкүмү менен) башкарат. Кийин силердин эсебиңерде миң жылга барабар болгон бир эле күндө (ал өкүмдөрдүн жыйынтыгы) Өзүнө көтөрүлөт
ذَٰلِكَ عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ
Ушул (Аллаһ) кайыпты да ашкерени да билүүчү Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу

Choose other languages: