Quran Apps in many lanuages:

Surah Ar-Rad Ayahs #35 Translated in Kyrgyz

وَلَوْ أَنَّ قُرْآنًا سُيِّرَتْ بِهِ الْجِبَالُ أَوْ قُطِّعَتْ بِهِ الْأَرْضُ أَوْ كُلِّمَ بِهِ الْمَوْتَىٰ ۗ بَلْ لِلَّهِ الْأَمْرُ جَمِيعًا ۗ أَفَلَمْ يَيْأَسِ الَّذِينَ آمَنُوا أَنْ لَوْ يَشَاءُ اللَّهُ لَهَدَى النَّاسَ جَمِيعًا ۗ وَلَا يَزَالُ الَّذِينَ كَفَرُوا تُصِيبُهُمْ بِمَا صَنَعُوا قَارِعَةٌ أَوْ تَحُلُّ قَرِيبًا مِنْ دَارِهِمْ حَتَّىٰ يَأْتِيَ وَعْدُ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُخْلِفُ الْمِيعَادَ
Эгер ушул (Кураан) себептүү тоолор ордунан жылдырылып, жер талкаланып, өлүктөр сүйлөтүп жиберилсе да (болмок. Бирок, Аллаһ Таала Пайгамбарын колдоо үчүн мындай, үрөй учурган моожизаларды жибербей, акыл калчап, пикир менен кабыл алына турган маңыздуу аяттарды жиберди. Себеби:) бардык иш Аллаһтын колунда. Эгер Аллаһ кааласа, адамдардын бардыгын Туура Жолго салып койо алаарын ыймандуу адамдар билишпейби?! Каапырлар (каапырчылыгын) токтотподу. (Ошондуктан,) аларга жасаган күнөөлөрү себептүү азаптар түшүүдө. Же болбосо, журттарына жакын жерлерге түшүүдө. Аллаһтын убадасы (азабы) келди го! Чынында, Аллаһ убадасына кыянат кылбайт
وَلَقَدِ اسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِنْ قَبْلِكَ فَأَمْلَيْتُ لِلَّذِينَ كَفَرُوا ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ ۖ فَكَيْفَ كَانَ عِقَابِ
Сенден мурдакы пайгамбарлар деле (каапырлар тарабынан) келекеленген. Мен каапыр адамдарга мөөнөт берген болчумун. (Эсине келбегенден) кийин аларды (кыйноочу азап менен) кармап койдум. Ал кандай гана (катуу) азап
أَفَمَنْ هُوَ قَائِمٌ عَلَىٰ كُلِّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ ۗ وَجَعَلُوا لِلَّهِ شُرَكَاءَ قُلْ سَمُّوهُمْ ۚ أَمْ تُنَبِّئُونَهُ بِمَا لَا يَعْلَمُ فِي الْأَرْضِ أَمْ بِظَاهِرٍ مِنَ الْقَوْلِ ۗ بَلْ زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُوا مَكْرُهُمْ وَصُدُّوا عَنِ السَّبِيلِ ۗ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ
Ар бир жандын, жасаган ишинин үстүндө (көзөмөлдөп) Туруучу ким?! Аллаһка (башка «кудайларды») шерик кылышты. Айткын: «(Анда ошол «кудайлардын») атын атап бергиле же болбосо (өзүңөрчө) жер бетиндеги (Анын) билбегенин Ага билгизип коймокчусуңарбы?! Же бул (айтканыңар) үстүртөн эле (айтылган, далилсиз) сөзбү!» Жок! Каапырларга айлакерликтери кооздоп көргөзүлдү жана алар (акыйкат) жолдон тосуп коюлду! Аллаһ кимди адаштырса, аны эч ким Туура Жолго сала албайт
لَهُمْ عَذَابٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَشَقُّ ۖ وَمَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَاقٍ
Аларга дүйнө жашоосунда азап бар. Бирок, Акырет азабы катуураак! Аларды Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт
مَثَلُ الْجَنَّةِ الَّتِي وُعِدَ الْمُتَّقُونَ ۖ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ أُكُلُهَا دَائِمٌ وَظِلُّهَا ۚ تِلْكَ عُقْبَى الَّذِينَ اتَّقَوْا ۖ وَعُقْبَى الْكَافِرِينَ النَّارُ
Такыба кишилерге убада кылынган Бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери — Тозок

Choose other languages: