Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Qalam Ayahs #51 Translated in Kyrgyz

أَمْ عِنْدَهُمُ الْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ
Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы
فَاصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُنْ كَصَاحِبِ الْحُوتِ إِذْ نَادَىٰ وَهُوَ مَكْظُومٌ
Эми (о, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (кап-караңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу
لَوْلَا أَنْ تَدَارَكَهُ نِعْمَةٌ مِنْ رَبِّهِ لَنُبِذَ بِالْعَرَاءِ وَهُوَ مَذْمُومٌ
Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак
فَاجْتَبَاهُ رَبُّهُ فَجَعَلَهُ مِنَ الصَّالِحِينَ
Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарчылык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды
وَإِنْ يَكَادُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَيُزْلِقُونَكَ بِأَبْصَارِهِمْ لَمَّا سَمِعُوا الذِّكْرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُ لَمَجْنُونٌ
(О, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Кураанды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!»-дешет

Choose other languages: