Surah Al-Mujadala Ayahs #7 Translated in Kyrgyz
وَالَّذِينَ يُظَاهِرُونَ مِنْ نِسَائِهِمْ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا قَالُوا فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَتَمَاسَّا ۚ ذَٰلِكُمْ تُوعَظُونَ بِهِ ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Аялдарын зихар кылып алып, кийин ал сөзүнөн кайткандар (күнөөсүн жууш үчүн) аялына кошулбай туруп бир кулду азат кылат. Ушул — силерге насаат. Аллаһ бардык ишиңерден Кабардар
فَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَتَمَاسَّا ۖ فَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَإِطْعَامُ سِتِّينَ مِسْكِينًا ۚ ذَٰلِكَ لِتُؤْمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ ۚ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۗ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Ким (кул азат кылууга жеткидей акча) таппай калса, аялына жакындык кылбай туруп эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Ал эми, ким (орозо кармоого) алы жетпесе, алтымыш кембагалды тойдурат. Бул Аллаһка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн. Дагы булар — Аллаһтын чектегени. Каапырларга (чек бузгандарга) жан ооруткан азап бар
إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ كُبِتُوا كَمَا كُبِتَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ وَقَدْ أَنْزَلْنَا آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ ۚ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ مُهِينٌ
Аллаһка жана Анын пайгамбарына душманчылык кылгандар өздөрүнөн мурдагы (каапыр) адамдар кор болгону сыяктуу кор болушат. Биз (Аллаһтын чектөөсү чындык экенине) анык далилдерди түшүрдүк. Каапырларга (Кыяматта) кордук азабы бар
يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ اللَّهُ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا عَمِلُوا ۚ أَحْصَاهُ اللَّهُ وَنَسُوهُ ۚ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Ал күнү алардын бардыгын Аллаһ кайра тирилтип, (дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын билгизет. Ал иштерди Аллаһ(тын периштелери) эсептеп койгон, (бирок) өздөрү унутушкан. Аллаһ - бардык нерсеге Күбө
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۖ مَا يَكُونُ مِنْ نَجْوَىٰ ثَلَاثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمْ وَلَا خَمْسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمْ وَلَا أَدْنَىٰ مِنْ ذَٰلِكَ وَلَا أَكْثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمْ أَيْنَ مَا كَانُوا ۖ ثُمَّ يُنَبِّئُهُمْ بِمَا عَمِلُوا يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
(О,Мухаммад!) билбейсиңби, Аллаһ асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү — Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы — Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге!! Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллаһ ар нерсени Билүүчү
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
