Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Jathiya Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

وَفِي خَلْقِكُمْ وَمَا يَبُثُّ مِنْ دَابَّةٍ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Жана силердин жаратылууңарда, (Аллаһ жаратып, мейкиндиктерге) таратып жиберген жан-жаныбарларда анык ишенген адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар
وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا أَنْزَلَ اللَّهُ مِنَ السَّمَاءِ مِنْ رِزْقٍ فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَتَصْرِيفِ الرِّيَاحِ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллаһ асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар
تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۖ فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَ اللَّهِ وَآيَاتِهِ يُؤْمِنُونَ
Бул— Аллаһтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз.” Аллаһтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет
وَيْلٌ لِكُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍ
Ар бир күнөөкөр-дооматчыга өлүм болсун
يَسْمَعُ آيَاتِ اللَّهِ تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ثُمَّ يُصِرُّ مُسْتَكْبِرًا كَأَنْ لَمْ يَسْمَعْهَا ۖ فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Алоөзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой

Choose other languages: