Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #96 Translated in Kyrgyz

أَوْ تُسْقِطَ السَّمَاءَ كَمَا زَعَمْتَ عَلَيْنَا كِسَفًا أَوْ تَأْتِيَ بِاللَّهِ وَالْمَلَائِكَةِ قَبِيلًا
Же өзүң айткандай үстүбүзгө асмандын (азаптын) бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө, же (өзүңдүн ак-туура экениңе күбө тартуу үчүн) биздин алдыбызга Аллаһ менен периштелерди алып келмейинче
أَوْ يَكُونَ لَكَ بَيْتٌ مِنْ زُخْرُفٍ أَوْ تَرْقَىٰ فِي السَّمَاءِ وَلَنْ نُؤْمِنَ لِرُقِيِّكَ حَتَّىٰ تُنَزِّلَ عَلَيْنَا كِتَابًا نَقْرَؤُهُ ۗ قُلْ سُبْحَانَ رَبِّي هَلْ كُنْتُ إِلَّا بَشَرًا رَسُولًا
Же сен үчүн асыл таштардан (салынган) сарай болуп калмайынча, же өзүң биздин көз алдыбызда асманга учмайынча (сага эч качан ыйман келтирбейбиз) жана эгер асмандан бизге, окуй турган (кадимкидей) китеп алып түшпөсөң, учканыңа да ишенбейбиз» Айт: «Аллаһ (силер ойлогон сыпаттардан) Таза! Мен болгону, пайгамбар кылып, жиберилген кишимин»
وَمَا مَنَعَ النَّاسَ أَنْ يُؤْمِنُوا إِذْ جَاءَهُمُ الْهُدَىٰ إِلَّا أَنْ قَالُوا أَبَعَثَ اللَّهُ بَشَرًا رَسُولًا
Аларга Хидаят (Туура Жол) келгенде, адамдардын ыйман келтиришине «Аллаһ адамды пайгамбар кылып жиберет бекен?!» деген сөздөрү гана тоскоол болду
قُلْ لَوْ كَانَ فِي الْأَرْضِ مَلَائِكَةٌ يَمْشُونَ مُطْمَئِنِّينَ لَنَزَّلْنَا عَلَيْهِمْ مِنَ السَّمَاءِ مَلَكًا رَسُولًا
Айткын: «Эгер жер бетинде периште (элчилер) болгон чакта (адамдар аларды көрүү жана алардан таалим алуу оорчулугуна чыдап) беймарал жүрө алышса, Биз аларга асмандан периштелерди пайгамбар кылып жибермекпиз»
قُلْ كَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ ۚ إِنَّهُ كَانَ بِعِبَادِهِ خَبِيرًا بَصِيرًا
Айткын: «Мени менен силердин араңарда Аллаһтын Өзү жетиштүү Күбө. Ал пенделеринен Кабардар (жана) Көрүүчү

Choose other languages: