Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Isra Ayahs #31 Translated in Kyrgyz

إِنَّ الْمُبَذِّرِينَ كَانُوا إِخْوَانَ الشَّيَاطِينِ ۖ وَكَانَ الشَّيْطَانُ لِرَبِّهِ كَفُورًا
Аныгында, ысырапкорлор — шайтандын достору. А, шайтан болсо, Раббисине өчөшкөн каапыр
وَإِمَّا تُعْرِضَنَّ عَنْهُمُ ابْتِغَاءَ رَحْمَةٍ مِنْ رَبِّكَ تَرْجُوهَا فَقُلْ لَهُمْ قَوْلًا مَيْسُورًا
Же болбосо, Раббиңдин ырайымынан (байлыгынан) үмүт кылып, аларга (аргасыздан) жүз үйрүсөң, ширин сөздөрдөн айткын
وَلَا تَجْعَلْ يَدَكَ مَغْلُولَةً إِلَىٰ عُنُقِكَ وَلَا تَبْسُطْهَا كُلَّ الْبَسْطِ فَتَقْعُدَ مَلُومًا مَحْسُورًا
(Эки) колуңду мойнуңа таңылгандай кылып алба! (Ошондой эле,) Биротоло ачып (чачып) жибербе! Жек көрүндү жана куржалак болуп каласың
إِنَّ رَبَّكَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّهُ كَانَ بِعِبَادِهِ خَبِيرًا بَصِيرًا
Чынында, сенин Раббиң каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал пенделериңн(ин абалынан) Кабардар, Көрүүчү
وَلَا تَقْتُلُوا أَوْلَادَكُمْ خَشْيَةَ إِمْلَاقٍ ۖ نَحْنُ نَرْزُقُهُمْ وَإِيَّاكُمْ ۚ إِنَّ قَتْلَهُمْ كَانَ خِطْئًا كَبِيرًا
(О, адамдар!) Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү эң чоң күнөө

Choose other languages: