Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Insan Ayahs #12 Translated in Kyrgyz

وَيُطْعِمُونَ الطَّعَامَ عَلَىٰ حُبِّهِ مِسْكِينًا وَيَتِيمًا وَأَسِيرًا
Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип? (мындай дешкен)
إِنَّمَا نُطْعِمُكُمْ لِوَجْهِ اللَّهِ لَا نُرِيدُ مِنْكُمْ جَزَاءً وَلَا شُكُورًا
«Биз силерди Аллаһтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз
إِنَّا نَخَافُ مِنْ رَبِّنَا يَوْمًا عَبُوسًا قَمْطَرِيرًا
Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз»
فَوَقَاهُمُ اللَّهُ شَرَّ ذَٰلِكَ الْيَوْمِ وَلَقَّاهُمْ نَضْرَةً وَسُرُورًا
Анан Аллаһ аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди
وَجَزَاهُمْ بِمَا صَبَرُوا جَنَّةً وَحَرِيرًا
Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды Бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады

Choose other languages: