Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Insan Ayahs #4 Translated in Kyrgyz

هَلْ أَتَىٰ عَلَى الْإِنْسَانِ حِينٌ مِنَ الدَّهْرِ لَمْ يَكُنْ شَيْئًا مَذْكُورًا
Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эске да алынбай турган (жок нерсе) эле
إِنَّا خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ نُطْفَةٍ أَمْشَاجٍ نَبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَاهُ سَمِيعًا بَصِيرًا
Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык
إِنَّا هَدَيْنَاهُ السَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًا وَإِمَّا كَفُورًا
(Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот)
إِنَّا أَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ سَلَاسِلَ وَأَغْلَالًا وَسَعِيرًا
Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук

Choose other languages: