Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Hijr Ayahs #86 Translated in Kyrgyz

وَكَانُوا يَنْحِتُونَ مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا آمِنِينَ
Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ
Анан.., аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты)
فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Жасаган нерселери аларга пайда берген жок
وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ ۗ وَإِنَّ السَّاعَةَ لَآتِيَةٌ ۖ فَاصْفَحِ الصَّفْحَ الْجَمِيلَ
Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ
Албетте, сенин Раббиң — Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү

Choose other languages: