Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayahs #230 Translated in Kyrgyz

لِلَّذِينَ يُؤْلُونَ مِنْ نِسَائِهِمْ تَرَبُّصُ أَرْبَعَةِ أَشْهُرٍ ۖ فَإِنْ فَاءُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Аялдарынан “ийлаа”” кылган күйөөлөр үчүн (эң узун) күтүү мөөнөтү төрт ай. Эгер (ниеттеринен) кайтышса, Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү
وَإِنْ عَزَمُوا الطَّلَاقَ فَإِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Жана эгер (төрт ай өткөн соң) талак берүүнү (ажырашууну) каалашса, (ажыраша берет). Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
وَالْمُطَلَّقَاتُ يَتَرَبَّصْنَ بِأَنْفُسِهِنَّ ثَلَاثَةَ قُرُوءٍ ۚ وَلَا يَحِلُّ لَهُنَّ أَنْ يَكْتُمْنَ مَا خَلَقَ اللَّهُ فِي أَرْحَامِهِنَّ إِنْ كُنَّ يُؤْمِنَّ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ وَبُعُولَتُهُنَّ أَحَقُّ بِرَدِّهِنَّ فِي ذَٰلِكَ إِنْ أَرَادُوا إِصْلَاحًا ۚ وَلَهُنَّ مِثْلُ الَّذِي عَلَيْهِنَّ بِالْمَعْرُوفِ ۚ وَلِلرِّجَالِ عَلَيْهِنَّ دَرَجَةٌ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Талагы берилген аялдар үч (айыздан) тазалануу мөөнөтү (өткөнгө чейин) өздөрүн байкашат. Эгер алар Аллаһка жана Акырет күнүнө ишенишсе, Аллаһ жатындарында жаратып койгон нерсени (түйүлдүктү) жаап-жашыруулары аларга адал эмес. Жана алардын күйөөлөрү эгер жашоону кааласа ушул (үч айыз) аралыгында аларды (өз никесине) кайтарууга көбүрөөк акылуу?. Ошондой эле, аларга үстүндөгү милдетине жараша жакшылыкка болгон акылары да бар. Жана да эркектерге аялдардан жогору даража бар. Аллаһ — Кудуреттүү, Даанышман
الطَّلَاقُ مَرَّتَانِ ۖ فَإِمْسَاكٌ بِمَعْرُوفٍ أَوْ تَسْرِيحٌ بِإِحْسَانٍ ۗ وَلَا يَحِلُّ لَكُمْ أَنْ تَأْخُذُوا مِمَّا آتَيْتُمُوهُنَّ شَيْئًا إِلَّا أَنْ يَخَافَا أَلَّا يُقِيمَا حُدُودَ اللَّهِ ۖ فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا يُقِيمَا حُدُودَ اللَّهِ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَا فِيمَا افْتَدَتْ بِهِ ۗ تِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ فَلَا تَعْتَدُوهَا ۚ وَمَنْ يَتَعَدَّ حُدُودَ اللَّهِ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
(Кайрадан нике кыйуу мүмкүн болгон) талак эки ирет гана (берилет). Андан кийин (же) жакшы жашоо менен (аялды) кармап калуу же болбосо, жакшылыкча койо берүү (тана калат). Аларга (аялдарга) берген махырыңардан кээ бир бөлүгүн алып калуу силер үчүн адал эмес. Болгону, ал экөө (аялы менен күйөөсү) Аллаһтын чегараларында тура албагандан корккондо гана (аялга берилген махырдан белгилүү өлчөмдө алып калуу адал болот.) Эгер силер ал экөөсүнүн Аллаһ чектеген чектерде тура албасынан корксоңор, аялы (өз башын азат кылуу үчүн) күйөөсүнө берген төлөмүндө эч күнөө жок. Ушулар Аллаһтын чек-эрежелери, аларды бузбагыла! Ким Аллаһтын чек-эрежелерин бузган болсо, ошолор гана заалымдар
فَإِنْ طَلَّقَهَا فَلَا تَحِلُّ لَهُ مِنْ بَعْدُ حَتَّىٰ تَنْكِحَ زَوْجًا غَيْرَهُ ۗ فَإِنْ طَلَّقَهَا فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَا أَنْ يَتَرَاجَعَا إِنْ ظَنَّا أَنْ يُقِيمَا حُدُودَ اللَّهِ ۗ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ يُبَيِّنُهَا لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Эгер эр аялын (үчүнчү ирет) талак кылса, кийин, андан башка эрге тийип чыкмайынча ага адал болбойт. Эгер ал аялды ал (кийинки эри) дагы талак кылса, кайрадан бири-бирине кайтуусунда экөөнө күнөө жок, эгер Аллаһтын чек-эрежелеринде турууларына көздөрү жетсе. Ушулар Аллаһтын чек-эрежелери. Аларды (Аллаһ) түшүнгөн коомдор үчүн баян кылып берет

Choose other languages: